Сариев: “Кумтөр” бир да менеджерди тарбиялаган эмес

Экономика министри Темир Сариев “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКын бир да менеджерди тарбиялап чыкпагандыгы үчүн күнөөлөдү. Бул тууралуу ал мамлекеттик комиссия мүчөлөрүнүн Тоо кен өндүрүшчүлөр ассоциациясы менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Долбоор 17 жылдан бери иштеп келатат. Бирок алар бир да менеджерди тарбиялап чыккан жок. Эгер мекеме кадрларды даярдабаса, анда алар кантип иштейт? Бул өтө курч маселе. Ошондуктан бул жактан экологиялык көйгөйлөр да келип чыгууда”, - дейт Сариев.

Министр Centerra Gold Inc компаниясына “Кумтөр” кени 90 пайыздан ашык киреше алып келерин белгиледи. Бирок, социалдык чыгымдарга кеткен салымдар түрдүү болууда. Анын айтымында башында “Кумтөрдүн” салымы бааланган эмес. Ошондуктан Кыргызстан акциялардын аз көлөмүнө ээ болуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД