“Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссия текшерүүнү аяктады

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын ишмердигин текшерген мамкомиссия өз ишин аяктады. Учурда отчет үчүн корутунду жазылууда. Бул тууралуу мамлекеттик комиссия мүчөлөрүнүн Тоо кен өндүрүшчүлөр ассоциациясы менен болгон жолугушуусунда Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, мамкомиссиянын жыйыны ушул жуманын аяк ченинде болот.

Сариев комиссиянын ишинин созулушу сентябрда кендеги иштин токтошуна байланыштуу деп билдирди. Ошондой эле жер кыртышын текшерүү үчүн эки эл аралык лабораториянын да тартылышы себеп болгон. “Бул жерде эч кандай саясый жашыруун нерсе жок”, - дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД