Курманбек Дыйканбаев: Ташбаевдин кармалышында эч кандай саясат жок

“Учкунбек Ташбаевдин кармалышында эч кандай саясат жок”, - деп оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, фракцияда же партияда болгонуна карабай ар бир депутат же саясатчы өз кадамдары үчүн мыйзам алкагында жоопко тартылыш керек.

“Эгер негиз болсо, Башкы прокуратура чиновник жана депутатка каршы кылмыш ишин козгой алат. Бардыгы буга барат”, - дейт Дыйканбаев.

Ал ошондой эле Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин экс-жетексинин кармалышында эч кандай саясат жок экенин белгиледи.

“Ташбаевдин кармалышы мыйзам чегинде болду. Эгер ал күнөөлүү эмес болсо аны бир айдан кийин бошотот”, - деп кошумчалады Дыйканбаев.

Эскертсек, Ташбаев 1-декабрда кармалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райсоту аны эки ай камакка алуу чечимин кабыл алган.

Ташбаевге КР Кылмыш кодексинин “Кызмыттык абалынан пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД