Адвокат: Атайын кызмат Ташиевге психотроптук каражат колдонуп атышы ыктымал

МУККнын тергөө абагына камакка алынган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Икрамидин Айткулов кайтадан соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүлсүн деп көгөрүүдө. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ташиевге карата соттук-психологиялык экспертизанын жүргүзүлүшү мыйзамсыз.

“Мен башынан эле бул экспертиза боюнча билген эмесмин. Андан сырткары мен экспертиза өткөрүүгө катышышым керек болчу, бирок мен жок болдум. Жактоочум экөөбүзгө Кыргызстандан кетет экен жана саясатты таштайт деген сөздөр кайдан чыкканы эч түшүнүксүз болууда. Ошондой эле анын психикалык мандеми бар дегенге макул эмеспиз. Мунун бары Ташиевдин коом алдындагы баркын түшүрүү үчүн гана жасалган иштер”, - дейт Айткулов.

Ал Ташиевдин жактоочусу дайыма жок болгондуктан тергөө иштерин жүргүзүүдө аны алдап атышат, - деп кошумчалады.

“Мен мурда атайын кызматта иштегем, менин баамымда кызматкерлер Ташиевге карата психотроптук каражатты колдонуп атышы ыктымал”, - деди Икрамидин Айткулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД