Кыргызстандык Канат Келдибеков панкратион турнирин утуп алды

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Евразиянын панкратион боюнча турниринин кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын вале-тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Келдибеков 60 кг. салмакка чейинки категория боюнча үч мелдеш өткөргөн. Финалда казакстандык мушкерди утуп, жеңүүчү аталган. “Башка спортчулар да катышты, бирок алар медал ута алышкан жок”, - дейт ал.

Панкратион боюнча турнир 1-2-декабрь күндөрү Астанада (Казакстан) өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД