№19 колониянын кызматкери маңзат менен кармалды

Бишкектеги 1-тергөө абагына №19 колониянын кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамкызматтын (ЖАМК) басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда борбордогу 1-тергөө абагына №19 түзөтүүчү колониянын режим жана көзөмөл бөлүмүнүн инспектору, кенже лейтенант Эсенкадыр уулу Бакыт камакка алынган.

23 жаштагы ЖАМКтын кызматкери ИИМдин жана ЖАМКтын биргелешкен операциясы учурунда кармалган. Анын машинасын текшерүү учурунда 131 г опиум жана 2,2 г героин табылган.

Буга чейин инспектор соттолгондор менен байланышы болгон деп шектелип келген. ЖАМКтын төрагасы Зарылбек Рысалиев Эсенкадыр уулу Бакытты ЖАМК органынан кызматтан четтетүү үчүн буйрук даярдоого тапшырма берди.

Эске салсак, 2012-жылдын октябрь айындагы ЖАМКтын кеңейтилген коллегиясында №19 түзөтүү колониясынын начальниги, полковник Тилек Орунбаев кызматынан кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД