“Кыргызгаз” кардаларды газга кошууну аяктайт

“Кыргызгаз” ААК кардарларды газга кошууну аяктайт. Бул тууралуу мекеменин басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.

Учурда газ бөлүштүрүүчү 68 шкафтын 64 иштеп баштады. Газга кошула элек 4 пункт №90, 91 (Пригородное айылы, Юбилейний көчөсү), № 296 (Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү), №274 (Панфилов – Зеленый Клин көчөсү) калды.

Бүгүнкү күнү республиканын түндүгүнө саатына 35,6 миң кубометр газ келүүдө. Алардын 18,2 миң кубометрин Бишкек шаары колдонууда.

Бишкектин жылуулук берүү борбору (ТЭЦ) газ берүүгө кошулду.

“Кант цемент заводуна” азыр газ бериле элек жана Кант менен Токмоктун тургундарын газ менен камсыздоо уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД