Эдил Байсалов майыптар үчүн берилген жөлөк пулду өтө аз деди

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов майыптар үчүн берилип аткан жөлөк пулду өтө аз деп белгиледи. Ал бул тууралуу ЖМКга билдирди.

“Эгер жөлөк пулду эки-үч эсе көбөйткөн күнү да, аны жетиштүү деп айтуу мүмкүн эмес”, - дейт ал.

“Жаш балдар өзгөчө билим алуу үчүн камсыз болушу керек, андан соң иш орду менен камсыз болушу керек”, - дейт министрдин орун басары.

Байсалов бейөкмөт уюмдарга майыптарды интеграциялагындыгы жана коомдуу тарбиялагандыгы үчүн керектүү нерсени берүү керек дейт. “Ошентсе да дүйнөдө бир да мамлекет майыптар үчүн толук укукка жетиштик деп мактана албайт”, - дейт ал.

Байсаловдун маалымдашынча бүгүнкү күнү Кыргызстанда 120 миңден ашуун майып бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД