Грек-рим күрөшү боюнча федерациясы эки жылда 19 млн сом короткон

2011-2012-жылдары Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасына 19 млн сом коротулган. Бул тууралуу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бул каражат окуу-машыгуу иштерине, чемпионаттарга барууга жана лицензиялык турнирлерге жумшалган. “Биздин федерация медал алып келүүдө жана башка федерацияларга караганда дагы көбүрөөк алышы керек деп ойлойм. Мисалы, Монголияда спорттун 6 түрү гана каржыланат. Бирок бул спорттун башка түрүн жок кылуу дегенге жатпайт”,- дейт ал.

Федерациянын президенти 2009-жылы аларга 4,5 млн сом бөлүнгөнүн, 2010-жылы 1,5 млн сом каралганын белгиледи. Кожошевдин айтымында жаштардын курама командасы жылына 2 млн сом, өспүрүмдөрдүн курамасы – 1,5 млн сом коротот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД