Кендерге болгон конкурс 15-декабрда жарыяланат

Өкмөт кендерге болгон конкурсту 15-декабрда жарыялайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 3-декабрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатабылдиев билдирди.

Анын айтымында, 15-декабрда Жерүй алтын кенине болгон конкурс жарыяланат. Ал эми Талды-Булак Сол жээк кениндеги иштер ушул жылдын аягына чейин калыбына келет.

Эске салсак, өкмөт кендерге болгон конкурс тууралуу беш жобого кол коюушу керек болчу. Андан соң аны конкурстук комиссия бекитиши керек. Ушундан кийин гана кендер жөнүндөгү жаңы мыйзамды ишке ашырууга мүмкүн болмок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД