Бюджетти аткарбагандыгы үчүн чиновниктерди жоопко тартууну талап кылышты

“2012-жылдын бюджетинин аткарылбай калышына кызматта отургандар мыйзам боюнча жооп бериши керек”, - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 3-декабрдагы жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын бюджети – бул мыйзам, ал мыйзамды аткарбагандар жоопко тартылыш керек.

“2012-жылдын бюджети аткарылган жок, секвестирлөө киргизилди. Бирок, ага күнөөлүү болгондор жоопко тартылган жок. Биз 2013-жылдын бюджетин карап атабыз”, - дейт депутат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев анын талапкерлигин көргөзүп атканда 2012-жылдын бюджетин реалдуу эмес деп атаганын айтып, ошондуктан ага өзгөртүү киргизилген, - деди. Ал бул чаралар айласыздан болгонун айтты.

Финансы министри Ольга Лаврова мыйзам боюнча бюджетке өзгөртүүнү эки жолу киргизсе боло турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД