Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча төртүнчү операция жасалды

Жүрөккө операция жасоо жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда 3-декабрда бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги төртүнчү операция өттү.

Эске салсак, ушундай эле үчүнчү операция өткөн бейшемби күнү 29-ноябрда жасалган. Анда эжеси иниси үчүн бөйрөгүн берген. Донор менен бейтап өздөрүн жакшы сезишүүдө.

Кечээ 22 жаштагы баланын бөйрөгү алмаштырылды. Операцияны Кыргызстандын кардиохирургдары Илим изилдөө институтунун директору Талгат Осмонов, анын орун басары Ильхом Бебезов, бөлүм башчы Жамалбек Ашимов, докторлор – Улан Турусбеков жана Жаныбек Гайбылдаевдер жасады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД