Депутат Ошто гепатит оорусу өсүп атканын айтты

“Ош тургундарынын арасында гепатит менен ооруган учурлар көбөйүүдө”, - деп Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева билдирди.

Ал түштүк борбордо болуп келгенин айтты. “Дээрлик шаардын ар бир экинчи тургуну гепатит оорусунун түрдүү формалары менен ооруган же ооруйт. Оору жайылууда, жергиликтүү тургандар жогору жактан эч кандай жардам болбой атат деп арызданышууда”, - дейт Аманбаева.

Эл өкүлү ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинен Оштогу оорулууларга кандай жардам берип атканы жана кандай профилактикалык иштер жасалганын айтсын деп талап койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД