Өкмөт лицензиялардын көлөмүн 90го чейин кыскартат

Өкмөт лицензия жөнүндө жаңы мыйзамдын алкагында лицензиялардын санын 90го чейин кыскартуунун үстүндө иштеп атат. Бул тууралу “Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү” аттуу улуттук конференцияда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматтардын саны 396га чейин кыскарган. Лицензиялардын 250 түрү калды, аларды 90го чейин кыскартуу пландалууда.

“Мыйзамда биз мамлекеттик аппараттын функциясын өзгөртүүдөбүз. Бул функцияларды аткаруу үчүн кандай минималдык база керектигин аныктайбыз. Салыштыруу иретинде айта турган болсок – Казакстанда лицензиялардын саны 1 100. Биз 90 кылгыбыз келет. Биз текшерүүчү органдардын саны 12ге чейин кыскарттык. Ал эми Казакстанда 105. Мындан ары бизнес менен маморгандын байланышын минималдуу кылабыз”, - деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Ал көрсөтүлгөн кызматтар таасирдүү жана коррупциялашпашы үчүн өкмөт бардык аракеттерди жасап атат, - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД