Корруция менен соттолгондордун наамын алуу сунушталды

“Коррупция менен соттолгондордун класстык чинин, аскердик наамын, дипломатиялык рангынан ажыратуу керек”, - деп Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыш менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирдии

Анын айтымында, наамынан ажыратуу коррупция менен күрөшүүнү катуулатуу үчүн керек.

Бирок, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев бүгүнкү күнү “дүйнө жүзү кылмыш саясатын гумандоонун үстүндө иштеп атат, бирок Кыргызстанда санкцияларды катуулатуу менен алектенип атабыз”, - деп билдирди.

“Парламент менен өкмөт кылмыш саясатын жакшыртуу боюнча концепция иштеп чыгуусу керек”, - дейт депутат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кабыл алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД