Мыктыбек Абдылдаев: ИИМ жетекчиси Жогорку Кеңеш комитетин теңине албай атат

“Ички иштер министри Шамил Атаханов акыркы убактарда биздин комитетти теңине албай атат”, - деп Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыш менен күрөшүү комитетинин жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдалдаев билдирди.

Анын айтымында, Атаханов буга чейин МУККны жетектеп келгендиктен экстремизм боюнча мыйзам долбоорун өзү келип коргош керек болчу. Ал бул тууралуу орун басарына караганда, көп маалымат билет дейт,- депутат.

“Кечээ ал бюджет боюнча комитеттин жыйынына катышты, бирок биздин комитеттин жыйынына катышуунун зарылчылыгы жок деп эсептеди. Балким, Атаханов бюджет боюнча комитеттин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болгондуктан ага катышып жүрбөсүн. Эгер андай болсо, премьер биздин комитеттин жыйынына да катышышы керек”, - дейт Абдылдаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД