ТИМ: Германия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануу 64%га өскөн

“Германия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануу 2011-жылга салыштырмалуу 64 пайызга өскөн”. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Маалымат катчынын билдиришинче эки өлкө ортосундагы товар айлануу 2012-жылы 138,6 млн долларга жетип, 2011-жылга салыштырмалуу 64,2 пайызга өскөн.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын укуктук базалык макулдашуулары 100дөн ашык эки тараптуу документтен туруп, кызматташуунун бардык тармагын камтыйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД