Өкмөттүк кредит боюнча карыз 35 миллиард сомго жетти

Кыргызтан өкмөтүнүн мекемелери тарабынан берилген кредит боюнча карыз учурда 35 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн 4-декабрда Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директору Канатбек Мадумаров Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эгемендик алгандан бери өкмөт жалпы суммасы 65 млрд сом болгон жеңилдетилген кредит берген. Алардын 30 млрд сому кайтарылган. Ал эми калган кредиттерди төлөп берүү мөөнөтүү 2013-жылдан 2045-жылга чейин.

35 млрд сом карыздын негизги бөлүгү энергетика тармагына тиешелүү. Бул тармак 20 млрд сом карыз. Ошондой эле коммерциялык банктар 2 млрд сом карыз. Андан сырткары ыры карызы бар мекемелердин катарына “Кыргызгаз” кирет. Анын карызы 827 млн сом.

Жыл сайын кредиттер боюнча төлөм 1,6 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин жетет. Мадумаров билдиргендей жыл сайын өкмөт мекемелерге жеңилдетилген насыя берип келет. Мындай насыялардын жылдык пайызы 6-7 пайызды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД