Бурмалоолор болбогондо КСДП Бишкек шаардык кеңешине кирбей да калмак окшойт

2010-жылдын 7- апрелиндеги бийлик алмашуусу, жаңы баш мыйзам кабылдап, парламенттик системага өтүүбүз, жаңы кырдаал жаратып, баардык деңгээлдеги бийлик бутактарын легитимдештирүүнү шарттады. Өлкөбүз эки жылдан бери шайлоо артынан шайлоо өткөрүү менен алек.

Адегенде жаңы баш мыйзамды кабыл алуу үчүн референдум өткөрүп, ошол эле учурда утурумдук президенттүү да болуп чыктык. «Бөйрөктөн шыйрак чыгарып», Роза Отунбаеваны кандайча президент кыла салганыбызды, элибиз эмдигиче толук түшүнө албай баштары маң. «Баш мыйзамдын текстин алмаштырып салыпсыңар, көз бойомочулук болду, «макул каршы» деп, президент шайлаган бюллетен болгон жок, альтернатива да болгон жок, иши кылып Отунбаеваны эч ким шайлаган эмес, элди алдап эле бирденке кылып, референдумга кыстарып, будамайлап кеттиңер» деп, нааразы болгон коомчулук, алигиче ич күптүсү тарабай, эжекенин экс деген статусун ыраа көрбөй, алып салууну талап кылып келет.

Алдаткансып, саксынып калган электорат, референдумга улай өткөн парламенттик шайлоодо «сюрприз» тартуулап, кечээ эле, элдик, революциячыл деген партиялардын көбү сыртта калып, КСДП, анан «Ата Мекен» партиясы парламентке өттү. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы коомчулук үчүн да күтүүсүз болуп, «бакиевдик режимди кулаттык» деп төш каккандарды “шок” кылды.

Таразанын ташы тетири оой баштаганын сезген Убактылуу Өкмөт (УӨ) тарабындагылардын шаштысы кетти. Бул аларды президенттик шайлоодо бирге болууга, бирдиктүү талапкер менен чыгууга, «бакыт кушун» колдон учурбоо үчүн колдон келген ыпыластыктын баарын колдонууга мажбурлады. Шайлоочулардын тизмеси тарыхта болуп көрбөгөндөй бурмаланды. Түштүк региондорундагы шайлоочулардын тизмесинен шайлоого катыша ала тургандардын көбү алынып салынган. Алардын ордуна чет жакка кетип калгандар, шайлоого келе албай тургандар жазылганы белгилүү болду. Бул катуу нааразычылыктарды жаратты. Натыйжада жүз миңдеген адамдар шайлоо укугунан ажырады.

Бийликти сактап калуу үчүн шайтан менен болсо да кучакташууга даяр экенин УӨчүлөр коалиция куроо, өкмөт түзүү иш аракеттеринде да далай ирет көрсөтүп келет. УӨнүн аброю кескин төмөндөп, элдин бийликке болгон ишеними өчө баштаганы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун биринчи этабында ачык байкалды. Ош, Токмок, Кара-Кол ж.б. кеңештерге болгон шайлоодо бийликтеги КСДП уттуруп, «Ата Мекен» таптакыр эле мандатсыз калды. Ошто Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы, Токмок, Кара-Колдо Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы жеңишке жетишти.

Ө.Бабанов өкмөт башында отурганда бийлигин бекемдей албасын, убакыт өткөн сайын күчтөнгөн жаш олигарх акыры өзүн да көчүккө тебээрине толук көзү жеткен Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун экинчи, чечүүчү этабына чейин «республикачылардын» канат куйругун кыркып, лидерин башбакандыктан оодарып туруп аттанды. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун эң орчундуусу да, ызы-чуулусу да албетте борбор калаа Бишкекте болду. Шаардык кеңешке КСДП, «Республика», «Ата Мекен», «Замандаш» партиялары өтүп, 7%дык босогону аттай албай калган «Ар-Намыс» партиясы бир топ «чаң» салып, өнөктөштөрүнө катуу таарынды. Коалиция лидерлигинен баш тартып, бирикменин курамынан чыга тургандыгын жарыялады. Акыры, башынан саясый сойкулукка малынган фракциясынан колдоо таба албай ичинен дымыганга мажбур болду.

Феликс Куловдун коалициялаш өнөктөштөрүнө нааразы болуп жатканы да бекеринен эмес. Бишкектеги шайлоо чындыгында эле көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Алдын ала добуш берүү жолу менен 9000дей добуш чогултулуп алынып, ага кошумча, көптөгөн шайлоо участкаларында, байкоочулардын эсеби боюнча келген шайлоочулардын эсебине караганда урнадан чыккан бюлетендердин саны эки, айрым жерлерде үч эсеге жакын көп чыккан фактылар катталды (500 же 700 шайлоочу келди делинип эсептелинген жерлерден 1000, 1500 миң бюлетен чыкты). Серепчилердин дээрлик көпчүлүгү, «алдын ала добуш берүү жолу менен алынган 9 миң добушту, «бурдап» тыккан добуштардын көбү админстративдик ресурсту колдонгон бийлик башындагылардын калтасына салынган», деген пикирлерин билдиришүүдө.

«Өмүрбек Суваналиев тынымсыз А.Атамбаевди сындай бербегенде, коалициялаштар «ар-намысчыларды» деле «кидать» этпей, «олжодон» бөлүшүп, босогодон өткөрүп алмак» деген пикирлер да жок эмес. Анан «ар-намысчылар» өзүлөрү тигинтип, «сүйкөнүп» жатышы, ансыз да шаардык кеңешке салмактуу добуш менен барууну (аяктан да коалициялаштарга жалдырабай) көздөп жаткан бийлик партиясына негиз болуп берип, «өзүңөрдөн көргүлө» дегендей эле иш болуп кеткендей. Андыктан, «ар-намысчылар» өнөктөштөрүнө таарынып, «кетебиз, чыгабыз» дээрден мурун ойлонушса болмокпу?» дегиң келет.

Админстративдик ресурс аркасында Бишкекте КСДП биринчи орунду алды, Жалалабадда, Баткенде «Өнүгүү», «Замандаш» партиялары алды дегени менен, аны деле бийлик алды дегенге толук негиз бар. Бүт жерди КСДП басып алды деп чуулдатпай, айткандан чыкпай турган партиялар аркылуу алышканы бир далай чуруу-чуулу кыргыз комчулуктун оозун жапкан жаңыча жүрүш болду.

Ошентип, бакиевдердин үй-бүлөөлүк-криминалдык режими кулагандан кийинки бийликти легитимдештирүү иш чарасы аяктап, баардык деңгээлдеги эл өкүлчүлүктөрү шайланып бүттү. Мыйзам бузуулар менен өтүп, легитимдүүлүгү шек жараткан президентибиз, парламентибиз, жергиликтүү кеңештерибиз бар. Өкүнүчтүүсү, көз карандысыздыкка жеткен жыйырма жыл ичинде канча ирет шайлоо өткөрбөйлү, бир жолу да өзүбүз канааттанаарлык таза шайлоо өткөзө албадык. Качан болсо ушинтип нааразы болуп, бийликтегилерге уурдатып, админстративдик ресурска шылтап отуруп калмайыбыз бар. Мына бул сапар да дал ошондой болду. Баары баштагыдай кайталанды. А биз болсо, «повторение-мать ученья» дегенден башка аргабыз жок. Б.а., баягы, «ар бир эл, өз бийлигине татыктуу» деген кептин калетсиз экенин турмуш дагы бир ирет далилдеди.

А кеп чынында, биздин жарандык коом чийки болбой, калыс шайлоо өткөрүп, добуштарды урдатпай, жыйынтыктарды бурмалатпаганга жетишкенибизде, өлкөбүздүн өнүгүүсү да арышын керип, азыркыдай жоюлуп кетүүчү мамлекеттердин тизмесине кирбес элек го!

Андай таза шайлоо болсо,-анда, КСДП алган 20 миңге чукул добуштарынан жогоруда айтылган 9000 миң, «бурдап» тыгуу жолу менен алынган берки миңдеген добуштары жок болмок. Демек, А.Атамбаевдин партиясы биринчи орун турмак 7%дык босогодон да өтпөй калмак. Мындай кырдаал, албетте бийлик башындагыларды ойлондуруп, элге болгон мамилесин кескин өзгөртүп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө мажбур кылбайт беле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД