Балтабаев: Балдарды гепатиттен коргоо ишин жайында эле башташ керек болчу

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү парламенттин профилдик комитетинин “Бул жылы өлкөдө канча өспүрүм бала гепатит менен ооруган” деген суроосуна жооп бере алган жок.

“Силер бала бакчаларды жаап же балдардын санын азайтууну чечтиңерби? Азыр алардын ата-энелери кандай бунт чыгарарын элестетип көргүлө. Балдарын бала бакчага берүү алар үчүн деле жеңил болгон жок. Андыктан балдар бакчасын жабуу көйгөйдү чечпейт. Жайында эле балдарды гепатит дартынан коргоо боюнча ишти аткарыш керек болчу”, - дейт “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев.

Депутаттын профилдик комитеттеги коллегасы Урмат Аманбаева Оштогү кээ бир үй-бүлөлөрдө эки баласы гепатит менен ооруганын көргөнүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД