Өкмөт экспортко чыккан кенге пошлина киргизүүнү сунуштоодо

Бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын колдонуу комитети “Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарылган экспорттук товарларга бажы пошлинасынын деңгээлин аныктоо жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карады.

Экономика министринин орун басары Олег Панкратов 2012-жылдын 9 айында өлкөдөн 57 698 тонна кен чыгарылып кеткенин билдирди. 2008-жылдан бери Кыргызстандан кен алып чыгуу 8,7 эсе өскөн. Бирок, министрдин орун басарынын айтымында, өлкөдөн кенди экспорттоо мамлекетке киреше алып келбейт дейт. Андыктан өкмөт экспорт үчүн пошлина киргизүүнү сунуштоодо.

Тоо-кен өндүрүшү тармагынын өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыгышты. “Кыргызалтындын” башкаруу кеңешинин орун басары Тилек Сабыров бажы пошлинасын киргизгенде биринчи кезекте тоо-кен өндүрүшүндө иштеп аткан инвесторлор жапа чеге турганын айтты. Анын айтымында, Кыргызстандагы кен чыккан жерлердин 30 пайызында гана кенде алтындын жогорку курамы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД