Майыптар жаңы окуу борборунда үй эмерегин жасашат

Чүй облусунда “Аракет” аттуу окуу борбору ачылды. Ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үй эмеректерин жасашат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басмасөз кызматы билдиргендей, аталган борбор “Жаш майыптар биримдиги” коомдук бирикмесинин аракети менен ачылган.

Маалымдалгандай окуу борбордун ачылышына Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, Сокулук акимиатынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД