Кытай Кыргызстандын кургак сүтүнө кызыктар

Кытай Кыргызстандан кургак сүт импорттоого кызыктар. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын премьер-министрлеринин жолугуусунан кийин КР өкмөт аппаратынын эларалык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Муралиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында кургак сүт чыгарган бир катар ишкана бар. Кытай тарап алардын продуктыларын өздөрүнө импорттоого кызыктар экенин билдирген.

“Азыр кыргызстандын сүт азыктары экспертизадан өтүүдө. Эгер КЭРдин техникалык регламентине туура келсе, анда Кыргызстандан Кытайга кургак сүттү экспортоого жол ачылат”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД