ШКУ-2012 саммитин чагылдыруу үчүн 200дөн ашык журналист каттоодон өткөн

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынын чагылдыруу үчүн жергиликтүү жана чет элдик 200дөн ашык журналист катталган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн “ВБ”га билдирди.

Жыйын бүгүн 5-декабрда Бишкекте өтөт. ШКУ-2012 саммитине катышуу үчүн Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао, Орусия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов, Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов келди.

ШКУнун жыйынына байкоочу болгон мамлекеттерден Монголиянын премьер-министри Норовын Алтанхуяг, Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими, Афганистандын вице-президенти Мохаммед Карим Халили, Пакистандын маалымат жана телеберүү боюнча федералдык министри Камар Заман Каира, Индиянын тышкы иштер боюнча вице-министри Санджай Сингх жыйынга катышуу үчүн келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД