Казакстан ШКУ банкын түзүүнү сунуштады

Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) банкын түзүп жана уюмдун атайын эсебин ачуу керек. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов билдирди.

Анын айтымында, ШКУ мамлекеттеринин кызматташуусундагы кийинки маанилүү кадам экономикалык жана гуманитардык байланыштар болот.

Ахметов ШКУ аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү фактор болуп калганын белгиледи. Уюмдун кийинки кадамы – экономикалык жана аймактык кызматташууда локомотв болуу. “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сунуштагандай ал үчүн долбоорлорду ишке ашырууга өтүү керек”.

Ахметовдун айтымында өз ара кызматташуунун өнүгүшүнө өлкөлөр ортосундагы товар айланууну жогорулатуу жана рынокту бириктирүү да негизги факторлордон болуп саналат. Казакстан өкмөтүнүн башчысынын айтымында Казакстан “Батыш Кытай – Батыш Европа” долбоорун ишке ашырууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД