Казакстандын премьери ШКУнун энергетикалык клубун түзүү керектигин айтты

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов аймактагы негизги электр өндүрүүчүлөр менен колдонуучуларды бириктире турган ШКУнун энергетикалык клубун түзүүнү сунуштады.

Казакстандын премьери аймакта олуттуу тамак-аш коопсуздугу боюнча маселе бар экенин айтып, айыл-чарба жаатында да биригүү керектигин белгиледи. Ал бул маселени дыкат талкуулоо үчүн министрлердин жолугушуусун бат-баттан өткөрүп турууну сунуштады.

Премьер ошондой эле билим берүү жаатында да кызматташуу керектигин айтты. “ШКУнун тармактык университетин түзүүнү келечектүү деп эсептейбиз. Андан сырткары илимий-техникалык кызматташуу боюнча макулдашуу долбоорун талкуулоо керек”, - дейт Ахметов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД