Медведев: ШКУ коопсуздук боюнча олуттуу коркунучка туш болууда

Шанхай кызматташтык уюму коопсуздук боюнча олуттуу коркунучка туш болууда. Андыктан бул багытта биргиликте иш алып баруу абдан маанилүү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Орусия өкмөтүнүн жетекчиси Дмитрий Медведев билдирди.

Анын айтымында, ШКУ уюмга байкоочу мамлекеттердин катышуусун колдойт жана Афганистандын аймактагы коопсуздук үчүн көрүп аткан аракеттери колдоого алынат.

Медведев милдеттерди эффективдүү чечүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин аракеттердин координациялоо бул багыттагы иштерди жакшыртат деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД