Вэнь Цзябао ШКУга мүчө мамлекеттерди өндүрүштү биргеликте өнүктүрүүгө чакырды

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында КЭР мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао ШКУ мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгын орток өндүрүш жана инвестиция менен жогорулатууну сунуштады.

Анын айтымында, ШКУ мамлекеттеринин өндүрүш ишканаларына насыя менен инвестицияны көбөйтүү жана орток долбоор жана ишканаларды арттыруу керек. “Кызматташууну арттыруу керек, достук мамилени жана мамлекеттер ортосундагы пикир алышууну жогорулатуу зарыл”, - дейт Цзябао.

Кытай премьери өзгөчө жергиликтүү банктар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин айтып, орток ишканаларды түзүп, өндүрүш тармагында кызматташууну жакшыртуу керек, деп белгиледи.

Ал ошондой эле техникалык-экономикалык тармакта кызматташуу да бышып жетилгенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД