Өзбекстан трансчегаралык долбоорлор үчүн саясый эрки бар экенин билдирди

Өзбекстандын Шанхай кызматташтык уюмунун трансчегаралык инфраструктуралык долбоорлору алкагында аларды практикалык түрдө ишке ашырууга саясый эрки бар. Бул тууралуу бүгүн 5-декабрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов билдирди.

Анын айтымында, уюмга – ага мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү абдан керек. Ал ШКУнун негизги милдети катары экономикалык кызматташууну белгиледи.

Азимов ошондой эле Өзбекстан ШКУга байкоо салган мамлекеттер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалайт деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД