Жантөрө Сатыбалдиев: ШКУ мамлекеттеринин экономикасын теңөө маалы келди

“ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикасын теңөө маалы келди”, - деп ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

“Башынан эле соода-экономикалык байланыш приоритеттүү багыттардан болуп келген. ШКУнун төрагасы катары Кыргызстан экономикалык кызматташуунун пландуу өнүгүүсүнө кызыктар”, - дейт премьер.

Кыргызстандын өкмөт башчысы жакын арада ШКУнун Өнүгүү фонду жана Өнүгүү банкынын түзүлөрүнө үмүттөнөт. “Бул түзүмдөр мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланыштардын өсүшүнө алып келет”, - деп билдирди ал.

“Тилекке каршы биздин мамлекеттер экономикалык өнүгүүдө түрдүү деңгээлде турат. Уюмга мүчө мамлекеттердин экономикасын теңөөгө конкреттүү кадамдарды таштоо маалы келди”, - деди Сатыбалдиев.

Анын айтымында, муну ШКУ мамлекеттериндеги чакан жана орто бизнеске жардам берүү аркылуу кылса болот.

“ШКУнун банктар ортосундагы биригүүнү баса белгилөө керек. Мен банк биримдиги ортосундагы жана ШКУнун ишкер кеңеши ортосундагы кызматташуунун өтө керектүүлүгүнө ишенем”, - деп кошумчалады премьер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД