Казакстан эки жолу пастерленген сүттү алууга макул болду

“Казакстан эки жолу пастерленген кыргызстандын сүтүн алат”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында айыл-чарба министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен ШКУ саммитин алкагында профилдик ведомство башчыларынан жолугушуусу болгон. “Казакстан Кыргызстандан сүт алууга даяр. Жалпысынан алганда сүт жана сүт азыктарына коюлган талаптын беш категориясы бар. Аларды Кыргызстандын дээрлик бардык ишканалары аткара алат”, - дейт Узакбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД