ШКУнун жаңы башкы катчысы болуп Дмитрий Мезенцев дайындалды

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынынын жыйынтыгында уюмдын жаңы башкы катчысы болуп Орусиянын кеңеш федерациясынын мүчөсү Дмитрий Мезенцев дайындалды. Бул тууралуу мурдагы башкы катчы Муратбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттөр кеңешинин жыйынында дүйнөлүк жана аймактык экономиканын абалы жөнүндө “олуттуу пикир алмашуу” болду.

Ал ШКУ жыйынында байкоочулардын да ролун белгиледи. “Беш байкоочу мамлекеттин катышуусу жыйындын көркү болду”, - дейт Иманалиев.

ШКУнун экс-башкы катчысы кол коюлган документтер менен чечимдер ШКУнун өнүгүшүнө негиз болот деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД