Кытай ШКУ мамлекеттеринин инфраструктуралык өнүгүшүнө 10 млрд салууга даяр

Кытай тарап ШКУ мамлекеттеринин экономикалык секторунун өнүгүшүнө кол кабыш кылуу жана элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн инфраструктура, энергетика, өндүрүш тармагына 10 млрд доллар салууга даяр. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында КЭРдин премьер министри Вэнь Цзябао билдирди.

“Кытай тарап июнда сөз берген 10 миллиарддык кредитти ишке киргизүүгө даяр. Анын жеңилдетилген кредит бөлүгүн да”, -деп премьер билдирди.

Анын айтымында, Кытай эл республикасы ШКУга мүчө мамлекеттердин “Эксимбанкка”, Өнүгүү банкына жана Кытайдын башка финансылык түзүмдөрүнө кайрылуусун колдойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД