Бишкек мэриясы техника алуу үчүн Финансы министрлигинен акча суроого ниеттенүүдө

Бишкек мэриясы атайын техника алуу үчүн Финансы министрлигине кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, атайын техника сатып алуу үчүн болгон тендер болбой калды. Ошондуктан мэрия техниканы лизингге же болбосо кредитке ала алат. Тендерге болгону төрт гана компания катышкан. Ошону менен бирге тийиштүү документтерди толугу менен Белорусиялык “МАЗ” компаниясы гана чогулткан.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын директор орун басары Павел Клименко кардын жаашы менен кар тазалоочу техникалар жетишпей атканын айтты.

“Ага карабастан бир эле машина карды тазалоого жана таштандыны чыгаруу үчүн колдонулуп атат”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД