Быйыл Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы товар айлануу 780 млн доллар болгон

“Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлануу үстүбүздөгү жылы 780 млн долларды түздү”, - деп “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эки мамлекет ортосундагы экономикалык мамиле туура нукта өнүгүп атат. “Биздин Экономика министрлигинин билдиришинче 2011-жылы Казакстан Кыргызстандын экономикасына жасаган инвестициясы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бирдиктүү инвестициялык фонд түзүү пландалууда. Анда инвестициянын көлөмү бир топ өсөт”, - дейт Маматалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД