Депутаттар “Каркыра” өткөрүү пунктунун жабылуу себебин териштиришти

Казакстандын мажилиси кыргыз-казак чегарасындагы “Каркыра” өткөрүү пункту кандай себеп менен жабылганын түшүндүрүштү. Бул тууралуу бүгүн “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандын Мажилис өкүлдөрү менен жолугушкан.

Талкуу учурунда Мажилистин депутаттары чегарадагы “Каркыра” өткөрүү пункту убактылуу өткөрүү пунктарына кире тургандыгын айтышкан.

Сабиров ошондой эле Ысык-Көлдөгү төрт пансионат тууралуу Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрү ортосундагы келишимдин аткарылбай аткандыгы боюнча да маселе көтөрүлгөндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, казак тарапка 49 жылга ижарага берилген пансионаттардын ичине алар төрт жылдыздуу мейманкага курушу керек болчу. “Бирок, келишимдеги бул шарт дагы деле аткарыла элек”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД