“Кристалл” заводун эркин экономикалык аймактын субъекти кылууну сунушташты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Акуналы Досалиев “Кристалл” заводун эркин экономикалык (ЭЭА)аймактын субъетиси кылууну сунуштады.

Жыйында ЭЭА жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү каралууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси КСДП фракциясынын депутаты Алла Измалкованын айтымында ЭЭА жөнүндөгү мыйзам 1993-жылы кабыл алынган. “Ага 10 жолу толуктоо киргизилген. Анын баары тең ЭЭА субъектери тарабынын кыянаттык абалынан пайдаланбоону болтурбоого багытталган. Көпчүлүк кыянаттык менен пайдалануунун алды алынган. Бирок алар эркин экономикалык аймактын өнүгүшүнө жолтоо болуп баштады. Мыйзам бир гана Бишкек ЭЭА ишмердигин тескейтт. Дүйнө жүзүндө бардык эркин экономикалык аймактар инвестиция тартуу үчүн түзүлөт. Эгер мамлекет аны этап менен өнүктүрсө, ал аймактын экономикалык жактан өнүгүшүнүн фактору болушу мүмкүн”, - дейт ал.

Измалкова ЭЭА Салык кодексинде тиешелүү норма каралгандыктан кирешеден түшкөн салык төлөбөй турганын белгиледи. Ал ошондой эле эркин экономикалык аймак Бишкекте, Нарында, Караколда жана Маймакта бар экенин айтты. Бүгүнкү күнү депутаттын айтымында Бишкектеги гана ЭЭА жакшы иштеп атат.

Досалиев “Кристалл” заводу орун алган Кара-Көлдө ЭЭА барбы деп кызыкты. Бирок, ага “жок” деген жооп алды. Анын оюнда ал жакка да ЭЭА ачуу керек жана “Кристаллды” анын бир субъектиси катары кылыш керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД