Кытай Ош шаарында турак жай куруу үчүн 5 млн доллар өлчөмүндө грант бөлдү

5-декабрда өткөн Жогорку Кеңеш жыйынында "2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн АКШ доллар көлөмүндөгү акчалай жардам берүү жөнүндө КР Өкмөтү менен КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Жусупжан Жээнбековдун айтымында, Кытай тараптан алына турган 5 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатка Ош шаарында 66 батирлүү турак жай курулат. Анда иштеген жумушчулардын 70 пайызын кыргыз, ал эми 30 пайызын кытай адистери түзөт. Турак жайдын ар чарчы метри болжол менен 926 доллардан айланууда.

Эки тараптуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД