Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүндө өрт чыкты

Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө түндө өрт чыкты. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү 101 пультуна 6-декабрда түнкү саат бирлер чамасында келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жапа чеккендер өз күчтөрү менен тилсиз жоонун алдын алууга аракет кылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, карылар турган бөлмөгө түтүн толгон. ӨКМнын кызматкерлери бардык карыларды коопсуз жайга алып чыгуу чечимин кабыл алышып, 38 адамды чыгарышкан. Бир адам иске ууланган. 64 жаштагы карыяга ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага баруудан баш тартты.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына өчүрүлбөгөн тамеки калдыгы болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД