Кытай компаниясы менен Балыкчы – Кара-Кече темир жолун куруу талкууланды

Кечээ, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-качысы гонконгдук Zhongian Hongon International Engineering Limited инвестициялык компаниясынын жетекчиси менен жолукту.

Транспорт министрлигинин басмасөз кызматы билдиргендей, тараптар темир жол жана кара жол магистралдарын куруу жаатында кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Гонконгдук инвестициялык уюмдун жетекчиси белгилегендей, ал жетектеген компания гидроэлектр станцияларын куруу багытында да адистешкен жана КЭРдин алдыңкы банктары менен кызматташат.

Жолугушуу учурунда Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоору талкууланды. Бул темир жол келечекте концессиялдык негизде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралына кошулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД