Москва районунда киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Чүй облусунун Москва районунда Ак-Суу айылынын 62 жаштагы тургунун өлтүрүүгө шектүү делип бир адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 62 жаштагы тургундун сөөгүн аялы 26-ноябрда үйүнөн тапкан. Сөөктү текшерүү учурунда анын башына катуу нерсе менен чабылганы белгилүү болгон.

Алдын ала маалымат боюнча бул кылмыш мүлкүн тартып алуу максатында жасалышы мүмкүн.

Москва райондук ИИБи кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козгоду.

Кармалган жаран камакка алынды.

Учурда кылмышка тийиштиги бар башка шектүүлөр изделүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД