Келдибеков тергөө абагындагы атажуртчулар менен жолукканын айтты

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков өткөн жума күнү камакка алынган атажурчу депутаттар: Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров менен жолукканын айтты.

Келдибековдун айтымында, медиктер ушундай жыйынтык чыгарды деп Ташиевди МУККнын тергөө абагында камоого болбойт.

“Ташиевдин ашказанында язва бар. Мамытовдун болсо башы катуу ооруп атыптыр”, - дейт Келдибеков. Ал өз сөзүндө Жапаровду туулган күнү менен куттуктап өттү.

Эске салсак, атажурттун үч депутаты бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деп айыпталып, МУККнын тергөө абагына камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД