Улуттук банк “ФинансКредитБанктын” жаңы акционери тууралуу маалыматты текшерүүдө

“ФинансКредитБанк” ААКты июль айында сатып алган жаңы акционерлер Улуттук банкка керектүү маалыматты беришти. Белгиленген мөөнөт 30-ноябрга чейин болчу. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.

Улуттук банк “ФинансКредитБанк” тарабынан бардык маалыматтар берилип, берилбегенин так айта албайт. Себеби учурда акционерлер тарабынан берилген маалымат мыйзамдын талаптарына туура келери же келбеси текшерилүүдө.

Ошол эле учурда 2012-жылдын сентябрь жана октябрь айында “ФинансКредитБанкты” акцияларын сатып алган акционерлер 14-декабрга чейин тийиштүү документтерди өткөрүшү керек.

Эске салсак, Улуттук банк “ФинансКредитБанктын” жаңы акционерлерин банкты сатып алуу боюнча капиталды кайдан алганы боюнча бардык декументтерди 30-ноябрга чейин берүүсүн милдеттендирген.

20чы жана23-июлда болгон соодалашуунын жыйынтыгында аталган банктын ээлери алмашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД