Финансы министрлигине көмүр алуу үчүн кошумча каражат табуу тапшырылды

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бийлик органдарына көмүр алуу үчүн 108 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков кандай себеп менен 2012-жылдын бюджетинде көмүр алууга каражат каралбагандыгына кызыкты.

Финансы министри 2012-жылдын бюджетинде жергиликтүү бийлик органдарына көмүр сатып алуу үчүн 108 млн сом каралганын айтты. “Эгер жергиликтүү органдарга күз-кыш мезгили үчүн көмүр сатып алууга кошумча каражат керек болсо, алар каражатты өз бюджетинен карашы керек”, - дейт министр.

Ага карабастан Исаков финансы министрине мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат кароону тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД