Жантөрө Сатыбалдиев: Өкмөт курулуш сезонун аткара алган жок

“Быйыл Кыргызстандын өкмөтү курулуш сезонун аткара алган жок”, - деп премьер-министр Жогорку Кеңеште өкмөт күнүнө арналган үстүбүздөгү жылдын бюджетине толуктоо киргизүү боюнча болгон талкууда билдирди.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров профилдик ведомствонун жетекчиси Сатыбалдиевге “чатырда окуган балдар жок” деп туура эмес маалымат бергенин айтты. “Бул маалымат чындыкка жатпайт”, - дейт ал.

Өкмөт башчы бул жылы курулуш иштерин толук аткара албай калганын моюнга алды. “Жыл жыйынтыгында биз чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. Январда капиталдык курулуш объектеринин тизмесин даярдайбыз. Үстүбүздөгү жылы каржылоо биринчи мектептерден башталганына карабай, ал августта гана башталды. Сентябрь жана октябрда курулуш иштерин ишке ашыруу мүмкүн болгон жок”, - дейт Сатыбалдиев.

Зулпукаров премьер-министрден бала бакчаларга болгон салыкты кайта карап чыгууну суранды. Анын айтымында, аны жокко чыгарыш керек.

Сатыбалдиев өз кезегинде “Биз салыктарды кайта карап чыгабыз. Мындан мамлекет үчүн деле көп акча түшпөйт”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД