Өкмөт туристтердин көбөйүшүн күтүүдө

2013-жылы Кыргызстанга келе турган туристтердин саны өсөөрүн Маданият жана туризм министрлиги күтүүдө. Бул тууралуу маданият жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, дароо өсүш болбойт. Ошол эле учурда туристтердин санынын өсүшүнө 44 мамлекетке киргизилген визасыз режим таасир бериши мүмкүн.

Казаков чет элдик туристтер өз эс алууларын орто эсеп менен бир жыл мурда пландарын белгиледи. Андыктан визасыз режимдин таасири 2013-жылы гана байкалат,- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД