Кыргызстан электрондук визаларды берип баштайт

Эми Кыргызстан электрондук визаларды берип баштайт. Бул тууралуу бүгүн маданият жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков журналисттерге билдирди.

Долбоорду электрондук өкмөт сайтынын ишке кириши менен бир убакта ишке ашыруу пландалууда. Казаков билдиргендей каалаган ар бир жаран дүйнөнүн кайсыл мамлекетинде жашабасын өкмөттүн сайтына кирип, виза алуу үчүн документти толтуруп, аны электрондук почтасы аркылуу ала алат.

Андыктан эми Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтер элчиликтин эшигин каккылап барбайт.

Долбоорду 2013-жылы ишке киргизүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД