Ольга Лаврова: 2012-жылдын бюджетинен 1,9 млрд сом түшүп калышы мүмкүн

“2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн 1,9 миллиард сомдун түшүп калуу коркунучу бар”, - деп Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күнгө арналган жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди. Жыйында 2012-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү талкууланууда.

Министрдин айтымында, коркунуч Reemtsma компаниясы тамеки чыгарууну 300 млн сомго кыскартканынан, “Электрстанциялары” ААКынан 250 млн сом дивиденттин түшпөгөнүнөн жана дары-дармекке болгон кошумча салыктын жоюлушунан улам пайда болгон.

Ал ошондой эле бул каражаттар бюджеттин киреше бөлүгүнөн чыгарыла электигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД