Депутат: 2012-жылдын бюджети боюнча эсептөө палатасы корутунду чыгарган жок

“2012-жылдын бюджети Эсептөө палатасы өз ишине кош көңүл мамиле кылгандыктан аткарылбай калды”,- деп Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров билдирди.

Депутат белгилегендей Эсептөө палатасы жыл сайын республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча корутунду чыгарышы керек. “Бирок 20 жылдан бери Эсептөө палатасы бир да жолу андай корутунду чыгарган жок. Ушул себептен улам 2012-жылдын бюджетине киргизилген каражат министрлик менен ведомстволорга бөлүнбөй атат. Мисалы БШК үчүн бөлүнгөн пландык каражат 2012-жылдын бюджетине киргизилген эмес. Ошол эле учурда мамлекеттик резервге анын карызы 600 млн сом болгонуна карабай 300 млн сом бөлүндү. Балким бөлүнгөн каражатты уурдап атышат?”, - деп суроо салды депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД