Жантөрө Сатыбалдиев: Министрлер комитет жыйындарына катышкандыктан иштебей атат

“Министрлер биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин өз ишин аткаргандын ордуна парламенттеги профилдик комитеттердин жыйындарына катышууда”, - деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште өкмөттүк күнгө арналган талкууда билдирди. Анда үстүбүздөгү жылдын бюджетине түзөтүү киргизүү талкууланды.

Анын айтымында, бул өкмөт мүчөлөрүнүн иштешине жолтоо болууда. “Бүгүн биз бюджетти талкуулап атабыз, парламенттин жактыруусу керек, мен бул тууралуу айтпашым керек эле, бирок айтайын. Министрлер бүгүн эч кандай чечим кабыл албай, Жогорку Кеңештеги комитеттердин чечимин күтүүдө”, - дейт Сатыбалдиев.

Ал бүгүнкү жыйынга төрт-беш өкмөт мүчөсү гана катышса жетиштүү болмок экенин билдирди. “Калганын кое берсек болмок”, - деп баса белгиледи.

Премьерди депутат Нарынбек Молдобаев колдоду. Анын айтымында, Финансы министри, Экономика министри жана фискалдык органдын жетекчилери гана катышса жетиштүү болмок. Ал эми депутат Дастан Жумабеков буга каршы чыкты жана бюджетти талкуулоодо бардык министрликтер болушу керек деди.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев бюджетти талкуулоонун башка жолун сунуштады. “Бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Себеби өкмөт мүчөлөрү конкреттүү түрдө эмне жасаганын айтышы керек – иш ордун түзгөндүгү, инвестиция тарткандыгы”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД